USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү

12:23, 24 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын октябрында COVID-19дун катталган лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурларынын саны 2020-жылдын октябрындагы 13 миң учурдан ушул жылдын октябрь айында 2,9 миң учурга чейин азайды.

Ушул жылдын октябрында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында калктын 100 миңине алганда оорулардын саны өткөн жылдын октябрь айына салыштырганда 4,6 эсеге төмөндөдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 996адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 693 киши айыгып чыкса, 2 миң 732 адам каза болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика