23:19
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

COVID-19. Бир суткада 62 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус дагы 62 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 17, Чүй облусунда — 17, Ош облусуна −11, Талас облусунда −1, Ысык-Көл облусунда — 9, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 47, Чүй облусунда — 18, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 560 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 200 киши айыгып чыкса, 2 миң 715 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар