Бишкек-Ош автожолунда жол кырсыгы катталып, жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 16-ноябрда кабарлады.
Кырсык Бишкек-Ош жолунун 661-чакырымында, Кара-Суу районунда болгон. «Камаз», Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia автоунаалары кагышкан. Каза тапкандардын үчөө эркек, төртөө аял. Дагы алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, үч бала балдар ооруканасына жаткырылды.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза тапкандардын жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.