22:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

УКМК кылмыш топторго шайлоого кийлигишпөөнү эскертти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата бир катар облустарда ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүздү.

Мурда-кийин сот жообуна тартылган бир катар адамдар 8-12-ноябрь күндөрү атайын кызматтын органдарына жеткирилип, аларга шайлоого кийлигишүүгө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого болбой турганы эскертилди.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Эң көп окулган жаңылыктар