18:31
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

COVID-19. Кант диабети менен жабыркагандар дагы эмдөөдөн өтө алат

Дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо адистери каршы көрсөтмөлөрдү жана сактык чараларын эске алуу менен 1-типтеги диабет, 2-тип жана диабеттин сейрек кездешүүчү түрлөрү (гестациялық диабеттен башка) менен ооруган бейтаптар үчүн COVID-19га каршы эмделиши керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Назгүл Абылова брифинг учурунда билдирди.

Ал кант диабети менен ооругандарды эмдөө үчүн артыкчылыктуу топторду тизмектеди:

- кан тамыр жактан көп кабылдоолору бар оорулуулар;

- жүрөк -кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптар;

- бөйрөктүн алмаштыруучу терапиясын албаган 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорулуулар;

- диализдеги бейтаптар;

- бөйрөктү алмаштыргандан кийинки бейтаптар, кан тамыр жактан көп кабылдоолору барлар.

«Эмдөө жөнүндө чечимди дарыгер дене температурасын өлчөө менен жалпы текшерүүдөн өткөндөн кийин (эгер температура 37°С ашса эмдөө жүргүзүлбөйт), бейтаптын маалымдалган макулдугуна кол коюлгандан кийин кабыл алынат», - деди эндокринолог.

Эң көп окулган жаңылыктар