Dordoi Plaza соода борборунда аялын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
К.А. аттуу 1993-жылы төрөлгөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Dordoi Plaza соода борборунун жанында аялды сабаган эркектин видеосу социалдык тармакта таркаган. Анын негизинде «Бейбаштык» беренеси менен иш козголгон.