05:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Айпери Медет кызы бүгүн дүйнө чемпионатында беттешке чыгат

Бүгүн, 3-ноябрда, 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы күрөшөт. Мелдештин үчүнчү күндөгү расписаниеси United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Кыргызстандык балбан кыз 76 килограммда ат салышат. Аталган мелдешке Кыргызстандан эки кыз барган.

2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары таймашты. Кыргызстандан барган атлеттер азырынча байгелүү орундарга жете элек.

Эң көп окулган жаңылыктар