03:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажикстандын саясатчылары Садыр Жапаровдун Мургаб боюнча айтканын сындады

Тажикстандын демократиялык партиясы Мургаб району 1924-жылы Кыргызстандан Тажикстанга өткөндүгү тууралуу президент Садыр Жапаровдун билдирүүсүн сынга алды.

«Саясий жактан алганда, Кыргызстан президентинин бул билдирүүсү — Тажикстандын аймактык бүтүндүгүнө кол сал салуу. Тажик ССРи түзүлгөн күндөн бери эле Мургаб району Тажикстандын курамында болгон», — деп жазылган партияны 26-октябрдагы билдирүүсүндө.

Партиянын лидери жана Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода 26-октябрда «Озоди» радиосу менен болгон маегинде Садыр Жапаровдун билдирүүсүн «чек араны делимитация жана демаркация кылуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө Тажикстанга басым жасоо аракети» деп атады.

«Тилекке каршы, Кыргызстандын азыркы жетекчилигинин саясаты коңшу өлкөлөрдүн ортосуна от жагып жатат. Бул жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мен Кыргызстандын президентин жана саясатчыларын азыркы оор учурда душмандык маанайды күчөткөн билдирүүлөрдү жасоодон баш тартууга чакырам. Согуш — маселени чечпейт», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы басма сөз жыйынында Тажикстан менен чектешкен Лейлек жана Баткен облустарындагы 210 миң гектар жер талаш экенин айткан. «Алар бул жерлер 1924-жылы бизге өткөн деп атышат. Андай болсо 1924-жылы силерге аянты 3 миллион гектарды түзгөн Мургабды бергенбиз, ошону кайтарып алалы деп жооп берип жатам. Бирок алар буга макул эмес. Азыр өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Өткөндө дагы сегиз чакырым такталган. Чек ара маселеси эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алып чечилет деп үмүттөнөм», — деген Жапаров.

Тажикстандын бийлиги азырынча Жапаровдун бул билдирүүсүнө реакция кыла элек.

Мургаб району Душанбеден миң чакырым алыстыкта, Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун аймагында жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума