08:38
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

COVID-19. Вируска каршы эмделгендердин саны 944 миң 603кө жетти

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 429 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 966 адам вакцинанын биринчи дозасын, 463 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 944 миң 603 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 716 миң 669 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Эң көп окулган жаңылыктар