18:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

COVID-19. Кыргызстанда эмделгендердин саны 708 миң адамды түздү

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 565 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 67 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 498 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 932 миң 874 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 708 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Эң көп окулган жаңылыктар