15:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

1 миң 207 киши кыргыз жарандыгын алып, 53 адам баш тартты

Садыр Жапаров кыргыз жарандыгына кабыл алуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

1 миң 207 кишиге (820 — чоңдор жана 387 бала) жарандык берилди. Алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ушул эле жарлык менен 53 киши Кыргызстандын паспортунан баш тартты.

Белгилей кетсек, август айынын аягында 102 адам жарандыктан чыгарылып, 548 киши кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар