11:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев: Раим Матраимов менен бир үстөлдө отурганым жок

Бүгүн Жогорку Кеӊеште жаӊы сунушталган министрлер кабинетинин баяндамасы өтүүдө.

Депутат Дастан Бекешев УКМК төрагасына аткаруу бийлигиндегилер тойлорго барбай эле койсоңор кандай болот, деген суроо узатты. Кеп деп алыш күндөрү Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов уулун үйлөнтүп, той өткөрдү. Ага Камчыбек Ташиев, Райымбек Матраимов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, баш прокурор Курманкул Зулушев, депутаттар Улан Примов менен Азамат Арапбаевдер катышты.

«Силерди көрүп жаштар үлгү алып жатпайбы?» — деп Дастан Бекешев өз пикирин билдирген.

Ага жооп катары вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев, бир жылдан бери бир жолу тойго барбаганын айтты.

«Башка тойлордо жүргөнүмдү көргөндөр айтып берсин. Ал эми куран окутууга барам. Раим Матраимов менен бир үстөлдө отурганым жок, болгону каалоо айтып эле чыгып кеттим. Эгерде аны менен чогуу отурсам дагы, башкаларга салыштырмалуу бюджетке 2 миллиард сом акчасын төктү. Эгерде дагы кылмыш табылса, дагы төгөт», деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар