14:29
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

The Sun: Россия тыңчылары AstraZeneca вакцинасы тууралуу маалыматтарды уурдаган

Британ өкмөтү киберчабуулдар жана интеллектуалдык менчикти уурдоо тууралуу бардык билдирүүлөргө «олуттуу мамиле кылат». Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министринин өкүлү The Sun басылмасындагы маалыматтар боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Ал атайын кызматтын ишине байланышкан материалдарга кеңири токтолбой турганын белгилеп, ошол эле маалда Орусиянын дарегине эч кандай айыптоо айткан жок.

Күн мурун The Sun басылмасы орусиялык тыңчылар AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцина өндүрүү формуласын уурдап кетишкенин, ал кийин «Cпутник V» вакцинасын өндүрүү үчүн колдонулганын кабарлаган. Маалыматка караганда, бул тууралуу атайын кызмат жакында эле британ өкмөтүнө маалымат берген.

Эки вакцина тең — британиялык да, орусиялык да — аденовирустук вакцина болуп эсептелип, таасир этүү принциби окшош. Бирок «Cпутник V’ден» айырмаланып, AstraZeneca шимпанзенин аденовирусунун негизинде иштелип чыккан. «Спутник V» Орусияда 2020-жылы августта, AstraZeneca Британияда декабрда каттоого алынган.

Өткөн жылы батыш атайын кызматтары вакциналар тууралуу маалыматтарды алуу үчүн орусиялык хакерлер киберчабуулдарды жасаганын билдиришкен.

«Спутник V» вакцинасын өндүрүү менен алектенген Орусиянын түз инвестициялар фондунан маалыматтар уурдалганы тууралуу билдирүүлөрдү «анонимдүү булактарга негизделген жалган маалымат» деп аташты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык тыңчылар вакцина тууралуу маалыматтарды уурдаган-уурдабаганы тууралуу суроого жооп берип жатып, The Sun’ды «илимий эмес басылма» деп атады.

Эң көп окулган жаңылыктар