Футбол федерациясына Медер Сыдыков президент болуп шайланды.
Анын талапкерлигин 27 өкүлдүн 24ү колдоду.
Ал эми мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановго 3 адам добуш берди.
Белгилей кетсек, Медер Сыдыков буга чейин футбол биримдигинин башкы катчысы кызматын аркалап келген.