07:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кайрылуу жасады

Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдагы октябрь окуяларынын бир жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

«2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларга бир жыл толуп олтурат. Бул окуянын келип чыгуу себептери жөнүндө түрдүү пикир, көз караштар айтылып келет.

Сиздерге белгилүү болгондой, былтыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өтүп, адилетсиздик орун алгандыгына байланыштуу, шайлоочулардын нааразычылыктары күчөп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу талабы катуу коюлган. Бул талапка өз учурунда жооп берилбегендиктен, нааразы болгон элдин калың катмары бийликти кулатууга мажбур болгон.

Мындай жагдайдын пайда болушуна 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясынын парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү деген тариздеги мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келбеген өзгөртүүлөрү себеп болду десем жаңылышпайм. Себеби 2010-жылдагы Конституциянын редакциясы пропорционалдык шайлоо системасын киргизип, тилекке каршы шайлоолор жабык тизме менен өткөн. Бул система саясий коррупцияга жагымдуу шарттарды жараткан. Натыйжада саясий партиялардын лидерлери жабык тизмени кызылдай эле соодалап, шайлоодо добуштарды сатып алуу күчөгөн. Бул саясий коррупция андан ары уланып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн түзүү укугуна ээ болгон парламент министрлик портфелдерин бөлүшүп, өкмөттүн, дегеле аткаруу бийлик бутагынын өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, талкалаган. Элдин алдындагы жоопкерчилик дээрлик жоголгон. Парламент өкмөткө, өкмөт болсо, кайра парламентке түртө салып, президент эч нерсе болбогондой мамиле кылып отуруп жоопкерчиликти эч бир бийлик бутагы алгысы келбей калган. Бардык бийлик бутактарынын легитимдүүлүгү күмөн жараткан абалга кептелген. Конституциянын биринчи эле беренесиндеги «бийликтин ээси эл» деген негизги принцип одоно бузулган. Ошентип эл менен бийликтин өз ара аракеттенүүсү төмөндөп, нааразычылыктар өскөн. Саясий партиялар коомдун тигил же бул катмарынын кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн эмес, анын башында турган саналуу адамдардын гана кызыкчылыгын көздөп калган. Мындай адилетсиз түзүлүш эртеби-кечпи кулайт эле. Акыры элдин башкы мүдөөсү Конституция менен негизделип калган жоопкерчиликсиз бийликти кетирүүгө чейин жеткен. Андан тышкары коррупциянын пандемия шарттарында гүлдөшү да элдин кыжырдануусун күчөткөн жана бийликке болгон ишенимин биротоло жоготкон.

Ошол күндөрү жарандык араздашуунун оту тутанып, мамлекеттин кыйрашын шарттайт деген кооптонуулар менен коштолуп, душмандарыбыз сүйүнүп, досторубуз күйүнүп турган.

Бирок, биздин акылман элибиз, даанышман журтубуз андай саясий чайкоочулуктан, чагымчылдыктан өзүн бийик кармарын көрсөттү.

Октябрь окуялары тилекке каршы жоготуусуз өткөн жок. Нааразычылыкка чыккан эл адилетсиз саясатка каршы туруп, өз жанын курмандыкка чалууга да даяр болуп калган эле. Учурдан пайдаланып, курман болгон Үмүтбектин жана башка жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө таазим этип, дагы бир жолу көңүл айтам!

Андан кийин деле абалдан чыгуу, элдин социалдык-экономикалык муктаждыктарын ыраатка салып кетүү оңойго турган жок. Мамлекетибизде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тез аранын ичинде тийиштүү чараларды көрүүгө туура келди. Чукул арада өлкөдөгү абалды мыйзамдуу жолу менен турукташтырып, стабилдүүлүктү сактап кала алдык.

Элдин талабы боюнча мурдагы бийлик отставкага кетти жана өлкө Конституциясында белгиленген тартипте жаңы Өкмөт түзүлдү. Бул ХХI кылымдын башындагы Кыргызстанда болгон ири бурулуш окуялардын бири экенинде шек жок. Бул жеңиш — жалпы Кыргызстандын элинин жеңиши болду. Элдик бийлик кыска мезгил ичинде өлкөбүздө саясий жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирди.

Кыргыз Республикасынын жаңы бийлигин эл аралык коомчулук тааныбайт деген сандырак кептер четке кагылды. Бардык эл аралык милдеттенмелер, буга чейинки эки жана көп тараптуу келишимдер менен макулдашуулар толугу менен аткарылууда.

Эң башкысы, кыргыз эли дагы бир жолу ар кыл саясий окуяларга, чагымчыл күчтөргө карабай, өз ынтымагын, өлкөнүн стабилдүүлүгүн баарынан жогору коёрун далилдеп берди. Ал эми биздин алдыбызда ары олуттуу жана ары жооптуу милдеттер турду. Элдин талабын аткаруу максатында убадаланган конституциялык реформалар ишке ашырылды.

Ал коомчулуктун кеңири катмарынын, ар бир тармак боюнча дасыккан адистердин катышуусундагы көптөгөн талаш-тартыштардын негизинде иштелип чыгып, бүткүл элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынды.

Эң негизгиси элдин мүдөөсү ишке ашып, Конституциянын жаңы редакциясы илимпоздор, коомдук ишмерлер жана жалпы элдик талкуунун негизинде иштелип чыгып, 2021-жылы 11-апрелинде жалпы элдик референдумда колдоо тапты. 2021-жылдын 5-майында Конституциянын жаңы редакциясы бекитилди.

Октябрь окуяларынан кийин өлкө саясий, социалдык-экономикалык жактан оор абалга кептелген кез эле. Элдин колдоосу менен мамлекет башына келген адам катары мен чоң жоопкерчиликти мойнума алдым. Муну менен мен элге гана таянып, элге гана ишенип, элге гана кызмат кылууну негизги багытым деп кабыл алдым. Себеби буга чейинки Эгемен Кыргызстанда болуп өткөн революцияларда элдик-демократиялык бийлик гана биздин улут болуп сакталып калышыбызды жана мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын чыңдалышын шарттаары баарыбызга чоң сабак болду. Мыйзамдуулук, жоопкерчилик, ачык-айкындуулук жана эң башкысы адилеттүүлүк гана элдин ишенимин кайтарып, өлкөбүздүн ынтымагы менен өнүгүүсүн кепилдей алары айкындалды.

Биздин Мекен өсүп-өнүгүп, гүлдөгөн мамлекет болууга бардык жагынан мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага жараша кыргызстандыктар дагы татыктуу жашоого толук акылуу. Биз элибиздин жашоо-деңгээлин көтөрүүгө, адилеттүү коом курууга багытталган жолубуздан тайбайбыз! Өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык, көп улуттуу элибизде ынтымак, сүйүктүү мамлекетибизде гүлдөп-өнүгүү болсун!"

Эң көп окулган жаңылыктар