15:05
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токтогулда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз

1-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 303 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 282 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 256 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, 2020-жылы октябрь айында суу сактагычда 15,1 миллиард куб метр, 2019-жылдын октябрь айында 17, 2 миллиард куб метр суу болгон.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби