08:57
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кытай компаниясы 17 фура менен алтын концентратын Кыргызстандан чыгарып кетти

Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган алтын концентратын 17 фура менен Кытайга чыгарып кетишти. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы «Эркеч-Там» бажысынан 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кетип баратканда Финпол тарабынан токтотулуп, кылмыш иши козголгон.

«Кечээ, 21-сентябрда, кытайлар жаңылады деп «Эркеч-Там» менен «Достук» бажысы аркылуу чыгарып кетиптир. Министр, бажылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай «Кайди» компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам «мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. «Эркеч-Тамдан» эмес, «Достуктан» өткөрүп поездге жүктөп кетиптир» дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот», — деди Бердиев.

Депутат бул жерде чоң акча жүрүп жатканын белгилеп, чыгарылып кеткен алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн айтты.

Буга байланыштуу эл өкүлү башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, ишти тыкыр текшерүүнү өтүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар