USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

«Дордой» конушунда бала бакча курулат

17:03, 22 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

«Дордой» конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Бала бакчанын курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты 0,57 га жакын. Имаратта оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмө, жууну жайы, медициналык кеңсе, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, сактоочу жана техникалык бөлмөлөр болот.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагынын жыйынтыгы боюнча «Монолит Строй» курулуш компаниясы курулуш иштерин жүргүзөт. Бала бакчанын курулушуна каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18