09:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажикстанда белгилүү диний ишмер Мавлави Язгуломи беш жылга соттолду

Тажикстанда Мавлави Абдулло Язгуломи аты менен белгилүү диний ишмер Абдуллобек Кувватбеков беш жылга эркинен ажыратылды.

Хорог шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, диний ишмерден тышкары анын эки окуучусу да 4,5 жылдан абакка кесилди.

Үчөө тең «ЖМК же Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Кувватбековдун жакындары өкүм адилетсиз экенин билдиришүүдө.

«Иним акыркы сөзүндө анын чакырыгы менен ондогон тажикстандык өспүрүм мусулман өлкөлөрүндөгү медреселерден чыгып, мекенине кайтып келишкенин айтты. Ал дайыма аскерге чакыруу өнөктүгүнө катышып, жаштарды армияда кызмат өтөөгө үндөп келген. Ал бул эмгектеринин баарын сот эске албаганына өтө капа болууда. Өкүм боюнча жогорку баскычка даттанабыз», — деди соттолгон диний ишмердин агасы Кувватбек Кувватбеков.

Абдуллобек Кувватбеков 18-июнда укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен. Анда анын үйүндө тинтүү жүрүп, диний китептер менен 80 миң доллар алынган. Туугандары ал бул акчаны адал эмгеги менен тапканын билдиришүүдө. Жакында ал Ванждан Душанбеге үч жүк ташуучу унаа менен алма алып келип саткан. Ал акчага Душанбеден үй сатып алууну пландаган.

Кувватбеков соцтармактар аркылуу динге жана улуттук биримдикке үгүттөгөн роликтерди чыгарып келген. Дал ушул видеолор анын кармалышына себеп болгону айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума