13:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Садыр Жапаров Айбек Калиев менен Салайдин Авазовго ырайым берди

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттолушкан Айбек Калиев менен «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовго ырайым берилип, абактан бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Эрнис Саданбеков кабарлады.

Маалыматка караганда, Айбек Калиевге ырайым берүү боюнча чечимге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Айбек Калиев Петровка айылындагы №8 тергөө абагында жаза өтөп жаткан. Ал 2019-жылы декабрь айында Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ТВЕА компаниясынын унаасын сатканы үчүн 1 млн сом өлчөмүндө кенемте төлөп берүүсү талап кылынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү