20:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ырайым сурап ар ким эле кайрылбашы керек, бул укук акыйкатчыга берилиши шарт

Депутат Исхак Масалиев 24.kg агенттигине президенттин соттолгондорго ырайым берүү процедураларын жөнгө салуучу мыйзамдолбоорду кантип өзгөртүүнү пландап жатканынын айтып берди.

Белгилей кетсек, жакында эле «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу суранычы менен Сооронбай Жээнбековго мурунку президент Роза Отунбаева кайрылган. Аны 6 фракциянын лидерлери колдоп кол коюшкан.

Исхак Масалиевдин айтымында, мыйзам боюнча 3-жак тигил же бул соттолуучуга өз эрки менен ырайым берүүнү сурай алат. Бул үчүн соттолуучу өз күнөөсүн мойнуна ала турган нерсени жазып кереги жок.

«Бул маселени жөнгө салуу керек. Бирок, ырайым сурап ар ким эле кайрылбашы керек, бул укук болгону акыйкатчыга гана берилиши шарт. Ал башкы укук коргоочу болгондуктан мындай өтүнүч менен кайрыла алат», -деди Исхак Масалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума