Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнө турган кызматтардын тарифтеринин прейскурантын бекитти. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирет.
Ага ылайык, ПЦР-тесттеринин баасы 32 пайызга төмөндөдү.
Сапаттуу ПЦР анализи боюнча бир изилдөөнүн баасы 896 сом болду. Буга чейин анын баасы 1 миң 326 сом эле.