14:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Электр жарыгына жаңы тарифти октябрь айында киргизүү пландалууда

Электр жарыгына жаңы тарифтик саясатты ушул жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Айтымында, тариф саясаты боюнча документ жаз айынан бери талкууланып келет. Учурда президенттик администрация менен министрлер кабинетинин талкуусунда.

«Эгер документ күчүнө кирсе октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы эсеп кирет», — деди Айталиев.

Белгилей кетсек, буга чейин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев калкка электр энергиясынын баасы быйыл көтөрүлбөй турганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, калкка электр энергиянын бир кВт/сааты азыркыдай эле 77 тыйындан сатылат. Андан тышкары тоолуу райондордо электр жарыгына киргизилген 700 кВт/саат чектөө жоюлат. Ал эми калган аймактардагы тургундар бир айда 700 кВт/сааттан ашык электр энергиясын колдонсо, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Ушул эле долбоордо өндүрүштүк ишканалар башкача айтканда, арак, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын бир кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт деп көрсөтүлгөн.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл 15-июндан баштап Кыргызстанда 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тариф саясаты боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта электр энергиянын бир кВт/сааты 1 сом 9 тыйындан эсептелмек. Эгер абонент бир айда 1000 кВт/сааттан ашык электр энергиясын жакса, андан аркы баа 2 сом 52 тыйындан саналмак. Бул чечим коомчулукта нааразылык жараткан.

Ушул тапта элге электр энергиясынын бир кВт/сааты 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өлкө өзүн электр жарыгы менен камсыздай албай калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби