USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Канат Сагымбаевге октябрь окуяларына байланыштуу айып коюлду

14:20, 08 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев милицияга сурак берип чыкты. Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Сагымбаев 2020-жылдагы октябрь окуяларында жапырт башаламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалган. № 1 тергөө абагына камалып, 2020-жылы 6-октябрдагы башаламандык учурунда тарапташтары аны бошотуп алышкан.

Кийин кайра камакка алынып, октябрь окуяларына шектүү катары тергеле баштаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика