06:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көл прокуратурасы 8 айда 128 миң сом экологияга келтирилген зыянды өндүрдү

2021 жылдын 8-ай аралыгында Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча 3 текшерүү жүргүзүлүп, токой фондуна келтирилген жалпы 128 мин сомго келтирилген зыян өндүрүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ысык-Көл районунун аймагы экономикалык жагымдуу курорттук зона болгондугуна байланыштуу, ал көпчүлүктүн инвестициялык кызыгуусун жаратат.

Ошондуктан, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын приоритеттүү багытынын бири болуп, айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө, мыйзамдардын эффективдүү иштөөсүн камсыз кылуу жагына көңүл бурулуп келүүдө.

Айта кетсек, Ысык-Көл районунун сотунун С.Э. 2021-жылдын 2-июлундагы өкүмү менен С.Э. Кыргыз Республикасынын ЖКнын 288-беренесинин 1-бөлүмү (дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу) менен күнөөлү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын ЖКнын 83-беренесине ылайык, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотулуп, пробациялык көзөмөл 1-жылга белгиленген.

Иштин материалдарына ылайык, С.Э. 2019-жылдын 25-март күнү Ысык-Көл районунун Ананьево айыл аймагына караштуу «Лиман» участкасынан 49-жылга ижарага алынган 8 гектар жер тилкесинде өсүп турган 475 даана туп теректерин мыйзамсыз кыйган. Натыйжада экологияга 301986 сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар