19:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров Ооганстандагы кырдаал боюнча ЖККУнун кеңешине катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.

Сессия Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.

Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Армения премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышаары күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар