13:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Садыр Жапаров Түрк кеңешинин конференциясына катышат

Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

Бейформал саммитке Казакстандын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле байкоочу-өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар