19:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мирлан Бакиров: «Мегакомду» Улуттук банк сатып алышы мүмкүн

Улуттук банк «Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясын сатып алышы мүмкүн. Бул тууралуу 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

 

Депутаттар мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын өзгөртүүнү талкуулашкан. Анын алкагына «Альфа Телеком» мамлекеттик компаниясын (100% акциясын), Кепилдик фондун (14,9%), «Керемет» банкын (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу пландалып жатат.

Мирлан Бакиров бул объектилерди көз карандысыз тарап баалай турганын, андан соң атайын комиссия сатуу ыкмасын аныктарын айтты. Бул аукцион, конкурс же түз сатуу болушу ыктымал.

Депутат Улукбек Ормонов Садыр Жапаров парламенттин мүчөсү болуп турганда «Альфа Телекомдун» сатылышына каршы чыкканын эскертип, ал азыр пикирин өзгөрттүбү деп сурады.

Мирлан Бакиров бул суроого жооп берген жок, бирок компанияны Улуттук банк сатып алышы мүмкүн экенин айтты.

«Биз бул объектилерди Экономика жана каржы министрлигине сунуштап, андан соң маселе министрлер кабинети менен макулдашылды. Сатып алуучулардын бири Улуттук банк болушу мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору өкмөттүн талкуусунда. Эгер Улуттук банк сатып алса, объект мамлекеттин карамагында калат. Буга чейин да «Мегакомду» сатуу аракети болгон, бирок аларман чыккан эмес», — деди Бакиров.

Өз кезегинде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов расмий түрдө банкка «Мегакомду» сатып алуу боюнча сунуш түшпөгөн айтты.

«Биз тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин бул сунушту карап, иликтеп чыгабыз. Биз ыктымал сатып алуучулардын бири катары каралып жатабыз», — деди Абдыгулов.

 

Эң көп окулган жаңылыктар