03:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Депутат: Көзү начар көргөн студенттер окуган медициналык училищени жаппагыла

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев КММАнын алдындагы көзү начар көргөн студенттер окуган медициналык училищени жаппагыла деп суранды. Бул тууралуу ал социалдык маселелер, илим, билим, маданият, ден соолук боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты. 

Анын билдиргенине караганда, аталган окуу жайдын студенттери укалоо боюнча адистикке ээ болушат. Алар клиникаларда ишке орношуп эмгектенишет. 

«Бул жылы аталган окуу жайдын студенттерин Бишкек медициналык колледжине которуу тапшырмасы берилиптир. Бирок, анын статусу төмөн, студенттерди жеке клиникаларда ишке албай коюшу мүмкүн", -деди ал. 

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, училищеде 18 студент гана бар. Анда 15 кызматкер эмгектенет. Ал бул маселе дагы деле иликтенип жатканын билдирди. 

Эң көп окулган жаңылыктар