11:59
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Тажикстанда калктын 6 пайызы коронавируска каршы эмделди

Тажикстанда 316 миң киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул өлкө калкынын 18 жаштан ашкан бөлүгүнүн 6% түзөт.

Маалыматка караганда, өлкөдө вакцина тартыштыгы жок. Буга чейин Индиянын AstraZeneca жана Кытайдын Coronavac вакциналарынын 1 миллиондон ашык дозасы бекер жеткирилген.

«Өткөн жумаларда шаардык бейтапканаларда адамдар аз болсо, азыр эмдөөдөн өткүсү келгендер кезектерде турушат. Бийликтин эмдөөнү милдеттүү кылуу чечими абалды жакшыртууга түрткү болот деп эсептейм», — деди Обиджон Саидзода аттуу Душанбе тургуну.

Эң көп окулган жаңылыктар