09:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламентте жаңы кодекстер боюнча коомдук талкуу өтөт

2021-жылдын 13-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорун жана «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт.

Парламенттик угууларга катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылат (COVID-19 боюнча кырдаал татаалданганына байланыштуу катышуучулардын саны чектелиши мүмкүн, буга байланыштуу Комитет талкуулануучу мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарды Комитеттин pravoporyadok7@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүнү өтүнөт, ZOOM видеоконференц байланышын пайдалануу маселеси каралып жатат, бул жөнүндө кошумча маалымдалат).

Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу төмөнкү телефондор боюнча: 63-89-67, 63-88-88

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бөлүмү

Эң көп окулган жаңылыктар