19:02
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эмомали Рахмон жазында жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган Хатлон облусуна барды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жазында селден жана көчкүдөн жабыр тарткан райондорду кыдыруу үчүн 15-июнда Хатлон облусуна жөнөп кетти.

Тажикстанда май айында селден тогуз киши өлгөн, алардын сегизи Хатлон облусунун тургундары болгон.

Эртең менен Эмомали Рахмон Жоми районундагы Навобод айылына барды. 9-майга караган түнү бул айылда көчкү жүрүп, 20 үйдү, 100 гектарга чукул айыл чарба жерлерин зыянга учураткан.

Мындан соң бийлик 20 үй-бүлөгө жаңы жер тилкесин бөлүп берген. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 167 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Тажик президентинин маалымат кызматы бүгүн Эмомали Рахмон жаңы бүткөн алгачкы үйлөрдүн ачкычын ээлерине тапшырганын билдирди. Жабырлануучулар буга чейин чатырларда жашап жатышат.

Эмомали Рахмон Вахш районуна, андан соң Куляб шаарына барат. 11-майдагы суу ташкыны жүздөгөн үйгө доо кетирип, инфраструктуралык элементтерди бузуп кеткен. Жашоочулар кырсык болгондон кийин эки жума бийликтен эч кандай жардам алышпаганына даттанышкан.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, 11-майдагы табият кырсыгынан жалпысынан 15 шаар жана район зыянга учураган.

Эң көп окулган жаңылыктар