13:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров мас абалындагы Чүй облусотунун төрагасы тартылган видеону көрсөттү

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров катышкан сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынынын соңунда кызуу болуп кабинетине кире албай жаткан чиновниктин видеосу көрсөтүлдү.

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова тасмадагы адам Чүй облустук сотунун төрагасы экенин айтты.

«Биз көптөн бери мыйзамдарды иштеп чыгып, реформаларды жүргүзөлү, сот системасына мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Бирок соттор өзүлөрү оңолбосо, мыйзамдардарды алтын тамгалар менен жазып койсок да реформаны мындай соттор менен аягына чыгара албайбыз. Мына бүтүндөй бир облустун сотторунун төрөгасы күндө арак ичип мас экен. Күнүгө кабинетине ушундай кирет экен. Урматтуу жогорку соттун төрайымы, тазаланыңыздар. Бул адамды тезинен чакырып, соттук кеңешке салыңыз», — деди Жапаров.

Быйыл 1-апрелде президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлүп, мурдагы Соттук реформа боюнча кеңеш жоюлган.

Бул «Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» президенттин жарлыгы менен ишке ашкан.

Жарлыкка ылайык, мыйзамдар боюнча талдоо жүргүзүү жана кеңеш үчүн сунуш иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар