18:53
USD 87.42
EUR 102.87
RUB 1.12

Кеминдеги жол кырсыгында бир киши каза тапты

Кемин районунда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 114-чакырымында «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыкта 4 эркек киши жабыркап, бирөө көз жумду.

Жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген

Эң көп окулган жаңылыктар