10:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Дастан Жумабеков суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин мурдакы спикери Дастан Жумабеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Дастан Жумабеков дагы «Кумтөр» кенине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында суралат.

Эскерте кетсек, кечээ дагы бир катар саясатчылар «Кумтөр» кени боюнча сурак беришкен. Алардын ичинен Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов кармалды. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Ал эми калгандарынын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума