01:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткенге өзгөчө макам. Долбоор дагы эле толук иштелип чыга элек

Жогорку Кеңештин комитети «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү, Баткен облусунун Координациялык кеңешин түзүү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүү демилгеси сунушталууда.

Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорунда Баткен облусун өнүктүрүүнүн жана колдоонун механизмдерин так жазуу керектигин белгиледи.

«Мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керек, бирок кийинки окууларда каржылоо булактарын аныктоону камтыган конкреттүү ченемдерди киргизүү керек», — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, өкмөт үч айдан бери облустун өзгөчө макамы боюнча мыйзам долбоордун каржы булактарын аныктап, механизмин так иштеп чыга албай келет. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума