06:11
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Рахмон чек ара чырында каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтып, жарадар болгондорго батыраак сакайып кетишин каалады. Бул тууралуу «Озоди» радиосу маалымдады.

«Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай сиздерге күч жана чыдамкайлык берсин», — деп жазылган Рахмондун билдирүүсүндө.

Ага чейин Тажикстан элдик демократиялык партиясынын (КЭДП) төрагасынын орун басары Хайриниссо Юсуфи кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалга байланыштуу видео кайрылуу таратып, эки элдин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты калыбына келтирүү зарыл экенин белгилеген.

«Кылымдарды карыткан коңшулук тарыхыбызда биз көптөгөн сыноолордон өтүп сабак алдык. Коңшу мамлекетте ар бирибиздин кесиптештерибиз, тааныштарыбыз, досторубуз жана туугандарыбыз бар. Эки мамлекети үй-бүлөлүк байланыштар, маданият, тарых жана дин бириктирип турат. Биз тынчтыкка жана жакшы коңшу болууга умтулуп, биригишибиз абзел, Эки эл тынчтыкта жашашы керек», — деген Хайриниссо Юсуфи.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жана ал жетектеген партиянын өкүлүнүн бул билдирүүлөрү ондогон адамдын өмүрүн алган окуядан туура эки апта өткөндөн кийин жарыяланды. Буга чейин тажикстандык айрым саясатчылар Рахмондун бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды көңүл сыртында калтырганын сынга алышкан.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза болду. Анын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.

Эң көп окулган жаңылыктар