03:12
USD 84.57
EUR 102.88
RUB 1.18

Виктория Мозгачева кайтадан Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Шаардык муниципалитетте кадрлык өзгөрүүлөр болду.

Борбор калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Виктория Мозгачева дайындалды.

Тиешелүү буйрукка  мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Эске салсак, Виктория Мозгачева Азиз Сурамкатов мэр болуп турганда муниципалитетте иштеген. 2020-жылдын күз айлары кызматынан бошонуп кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар