02:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкектин шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча жаңы дайындалган вице-мэри Сагындык уулу Азамат мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгы менен Арынов Шайлообек борбордук мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Ал 2014-жылдан бери капиталдык курулуш башкармалыгында адис кызматынан тартып, 2019-жылы техникалык бөлүмдүн башчысына чейин көтөрүлгөн.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар