15:44
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЕАЭБ өлкөлөрү шекердин бажы алымынан убактылуу бошотулду

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейинки мезгилде шекерди бажы алымысыз киргизүү түрүндө тарифтик жеңилдетүү сунуштоо чечимин кабыл алды. Мындай чечим вице-премьер-министри — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун видеоконференцбайланыш режиминде өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү, Арменияда — 22,4 миң тоннадан ашпаган, Казакстанда — 134,4 миң тоннадан ашпаган, Россияда 350 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү шекерди киргизүүдө бажы алымынан бошотулат.

Кеңештин аталган чечими анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 10 календардык күн өткөн соң күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясы Бирликке кирген мамлекеттер менен биргеликте ай сайын, тарифтик жеңилдикти колдонуу менен шекердин импорттолгон иш жүзүндөгү көлөмүнө, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ички рыногундагы сатуу көлөмүнө мониторинг жүргүзүп, ЕЭК кеңешине маалымат берип турат.

Тараптар рыноктогу шекердин баасына байланыштуу абалды эске алуу менен, зарыл болгон учурда үстүбүздөгү жылдын июль айында кошумча стабилизациялык чаралар тууралуу маселени кароого кайрылууну макулдашты.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына $340 түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар