11:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылгандар ИИМдин алдынан сүрүлдү

Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин 15-апрелде аял укугун коргоону талап кылып чыккан активисттерди белгисиз топ Ички иштер министрлигинин алдынан сүрүп чыгарышты.

Нааразы тарап бүгүн экинчи ирет митингге чыгышып, аялдарга карата зомбулукту токтотууну жана министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышты. Алар Айзаданын өлүмүнө тиешелүү кызматкерлер жетиштүү жаза албай жатат деп сынга алышты.

Митинг өтүп жаткан жерге бейөкмөт уюмдарга каршы чыккан жана жалаң эркектерден турган топ келип, эки тарап кайым айтыша кетти.

Бул топтун өкүлдөрү Айзаданын өлүмүнө жооптуу милиция кызматкерлери жазасын алганын, мыйзамдар укук коргоо органдарынын ишине тоскоол болуп жатканын, аны өзгөртүү зарыл экенин айтышты.

Митингге келген ИИМдин ардагерлери да журналисттердин суроолоруна ушундай эле өңүттө жооп берип жатышты.

Каршы топ «ЛГБТга жол жок!» деп кыйкырышып, зомбулукту токтотууну талап кылгандарды имараттын алдынан сүрүп чыгарды. Милиция айрым активисттерди такси менен ал жерден кетирди. Натыйжада митинг үзгүлтүккө учурады.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби