21:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Артем Новиков: Чагымчылык чыгып кетсе, бийлик чара көрүүгө даяр

Чагымчылык чыгып кетсе, өкмөт чара көрүүгө даяр экенин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Мындай суроону журналисттер берген.

«Мен башаламандык болбойт деп ишенем, себеби мыйзам бузуулар көп эмес. Кечээ күнү 61 билдирүү болду. Ар бири боюнча тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлүп, Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИИМ бардыгын текшерип жатат. Өкмөт өз кезегинде болжолдуу чагымчылдыктарга даяр», — деген Новиков.

Ал президенттикке талапкерлердин бардыгын шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды.

«Тынчтык болушу үчүн мамлекет менен жарандар алдында саясий эрк жана жоопкерчиликти сезүү керек», — деди ал.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин толкундоолор болуп, анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийлик алмашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума