22:37
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаштардын дене-тарбия маселелерине арналган форум өтөт

Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясында жаштардын дене-тарбия маселелерине арналган форум өтөт. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш-чара президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Окуучу жаштардын дене тарбия маселелерин талкуулоого Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Баңги жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын координатору Чынара Ракишова катышат.

Форум 5-апрелде 9.00дө башталат. 

Эң көп окулган жаңылыктар