15:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте көчө оңдоо иштери башталды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык борбор калаанын көчөлөрүн оңдоого киришти. Бул туралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, биринчи бөлүк — Шевченко көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Мичурин көчөсүнө чейин. Оңдоо иштерине байланыштуу, аталган тилкеде унаа кыймылы чектелген, оңдоо жумуштарын ушул жайда бүтүрүу пландаштырылган.

Бүгүн төмөнкү көчөлөрдө курулуш иштери башталат:

• Левоневский көчөсү Лев Толстой атындагы көчөсүнөн Асаналиева көчөсүнө чейин;

• Каховская көчөсү Тимур Фрунзе атындагы көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейин;

Учурда аталган эки көчөдө даярдык иштери жүрүп жатат.

Исакеев көчөсү Ауэзов көчөсүнөн Чохан Валиханов көчөсүнө чейинки бөлүктө оңдоо иштери башталган, буга байланыштуу бул бөлүктө унаа кыймылы чектелген.

Эскерте кетсек, ушул жылы «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 27 көчөдө, узундугу 16,5 км капиталдык оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана унаа менен жолго чыгаарда маршрутту алдын ала ойлонуп чыгууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар