23:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Токтогул районунда жол кырсыгынын кесепетинен эки адам каза болду

11-март күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 250-чакырымында Тоyota Windom жана Toyota Previa үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, беш адам ар кандай жаракат алды. Алар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар