Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ал өлкө жетекчилери менен жолугуп, Стратегиялык пландоо боюнча бириккен топтун 4-жыйынына катышат.
Жолугушууда эки тараптын кызматташтыгы, мурда жетишилген келишимдердин аткарылышы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болот.
Мындан тышкары түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралат.