19:58
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Финпол жоюлду. Тийешелүү буйрукка премьер-министр кол койду

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.

Эң көп окулган жаңылыктар