00:17
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда техникалар жеринде иштеп жатат. «Кар көчкү болжол менен таңкы саат 06:20лар чамасында түштү. Кар көчкүнүн узундугу 100 метр, бийиктиги 2400 куб метрди түзөт. Учурда жолдун бир тарабы ачылды», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, жолду кардан тазалоо иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар