08:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралынан 3-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар