Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда Украинада өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 25-28-февраль күндөрү Киев шаарында (Украина) өтөт.
Аталган мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда төмөнкү курамда катышат:
1. Айсулуу Тыныбекова 62 кг;
2. Айпери Медет кызы 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова 68 кг;
4. Назира Марсбек кызы 57 кг;
5. Нурбек Изабеков — башкы машыктыруучу.